1. Түштүк өлкөлөрдө өсүүчү жыттуу сөңгөктүү бак. 2. Ушул бактын сөңгөгүнөн жана кээ бир бактардан алынуучу боёк. 3. Көбүнчө такасыз тигилген жеңил, жайкы бут кийим.
Тентирөө, курулай убара тартуу. Сандалып бекер жүрүү. Жөө бастым сандалып, Ат жетпеген жолуна (Токтогул).
эск. Үйдүн (боз үйдүн) ичин жылытуу жана жылынуу үчүн жасалган очок. Бай ушундай деп айтты да, бутун ичкерилетип, сандалга өбөктөдү. Жасанжан сандал үстүнө тасторконду жайып, колго суу берди (Абдукаримов). Атам, апамдар менен ал сандалда отурганым кыш эле да ага деп атайылап чай кайнатканым... (Мавлянов). Капшыт жакка сандал салып коюптур, Оору-соону ылгамакпы кыш айы (Байзаков).
диал. самбал менен бирдей.